Ажаткана тууралуу тогуз кызык

19-ноябрь – Ажаткана күнү. Бул өзгөчө дата 2001-жылы Сингапурда өткөн Бүткүл дүйнөлүк конференциядан кийин пайда болду. Жыйында ажаткана, тазалыкка байланыштуу маселелер талкууланып, жыйынтыгында Дүйнөлүк ажаткана уюму түзүлгөн. Анын милдети – ажатканалардын жаңы стандарттарын кабыл алуу, санитардык нормаларга жооп берүү жана адамдарды ажаткана маселелерине олуттуу мамиле кылганга чакыруу. Бул күнгө байланыштуу биз ажатканалар тууралуу кызыктуу фактыларды чогулттук.

Дүйнөдөгү эң кымбат унитаз платинадан жасалып, бриллиант таштар менен кооздолгон. Мындай кереметти англиялык дизайнер Жемал Райт жаратып, анын баасы 5 миллион долларды түзгөн.

Орточо эсеп менен алганда, бир адам өмүрүнүн 3 жылын ажатканага каттоо менен өткөрөт.

Ооганстандын калкынын 9%нын гана ажатканасы бар.

Прогрессти жактырган адамдар ажатканасын тез-тез алмаштырып турушат. Техника өнүккөн азыркы заманда табышмактуу функцияларды аткарган унитаздар ойлонуп табылган. Мисалы, автоматтык түрдө сууну өзү эле агызып, жылуулук чыгарып, ал гана эмес, жагымдуу музыка ойногондору да кездешет. Канчалык көп функциялуу унитаз болсо, баасы ошончолук кымбат турат. Мисалга алсак, 2013-жылы чыккан жаңы моделдеги унитаз биздин акчага 350 миң сом болот.

Япониялык архитектор Су Фудзимотонун долбоорунун негизинде сейил бактын так ортосуна дубалдары айнектен жасалган ажаткана орнотулган. Бул ажаткананы тургузуу үчүн 10 миллион йен иштетилген. Архитектордун берген интервьюсунда: “Ажатканага кирген адамдар жаратылыштан ырахат алып, өзүн эркин сезишин кааладык”,- деген.

Дүйнөдөгү эң  укмуш делген унитаз таза алтындан жасалган. Ал туристтердин көнүлүн бурдуруу үчүн Гонконгдо пайда болгон.

Унитазды орточо эсеп менен 50 жылга чейин колдонсо болот.

Англия падышасы Георгий ажатканага тушүп каза болгону айтылат.

Биз коомдук ажатканалардын аялдар менен эркектер үчүн өз-өзүнчө болгонуна көнүп бүттүк. Бирок дайым эле мындай болгон эмес. Биринчи жолу 1739-жылы Парижде ажаткана эркектер жана аялдар  үчүн деп бөлүштүрүлгөн.

Сүрөт: Азаттык

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген