19 жаштагы жигит агасына суудан коркпой турганын далилдейм деп каза болду. Видео

Пакистандын тургуну Шераз Хан аталаш агасы менен бирге Сват дарыясынын жээгине эс алганы барган. Суудан коркпойт экендигин далилдеш үчүн дарыянын жээгине барган маркум сууга агып кеткен.

Шераз Хандын сууга чөккөн кайгылуу тасмасын Hindustan Times интернетке жарыялады.

“Шераз анын дарыяга жакын баргандыгын тасмага тартып турушумду суранып, суудан коркпойт экендигин далилдейм деди. Мен анын айтканындай кылып видеого тартып жаткам. Капыстан эле буту тайып кетти да, сууга түшүп, агып кетти. Мындай нерсе менин оюма таптакыр келген эмес. Аны эмнеге токтотуп калбадым экен деп өзүмдү- өзүм аябай күнөөлөп жатам”,- деген маркумдун агасы Ясин Хан.

Жаш жигиттин денеси бир күндөн кийин, кырсык болгон жерден 48 километр алыс аймактан табылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген