19 жаштагы өмүрдү алган чырдын себеби эмне эле?

Бүгүн эртең мененки саат 10дор чамасында Жалал- Абад облусунун Базар- Коргон районунун автобекетинде эки жигит мушташып, натыйжада 19 жаштагы бала өмүрүнөн ажыраган. Бул тууралуу Жалал- Абад облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Бекетте автобус күтүп турган айылдаштар өз ара чырдаша кетип, 24 жаштагы жигити 19 жаштагы айылдашынын далысына бычак сайган. Пикир келишпестиктин курмандыгы болгон жигит ошол жерде көп кан жоготуп каза болгон. Маалыматта жигиттердин экөөсү тең Арсланбаптын тургундары экендиги айтылат.

Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген