18-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, эртең, 18-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Аймактардагы абаны температурасы төмөнкүдөй:

  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33,
  • Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29,
  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30,
  • Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +17…+22,
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20,
  • Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6 градус болот.
  • Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +28…+30 градус болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.