18 күндө өрттөн 11 адам каза болду

2018-жылдын 1-январынан 18-январына чейин өлкөдө 218 өрт кырсыгы катталып, 11 адам каза болсо, алардын бирөөсү жаш бала болгон. Ал эми үч адам оор жаракат алган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.

ӨКМнин кызматкери, подполковник Сталбек Абдылда уулунун билдирүүсүндө тилсиз жоо көп катталган жерлер катары Бишкек шаары, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустары саналат.

“Ош шаарынын өзүндө 6 өрт кырсыгы, ал эми Ош облусу боюнча 29, Жалал-Абад облусунда 32, Баткенде 18 өрт катталды,”- дейт Сталбек Абдылда уулу.

ӨКМнин кызматкери кошумчалагандай, өрт көпчүлүк учурда электр жабдууларын туура эмес колдонгондон, мешке отту өз эрежелерин сактабай жаккандан, тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан жана жаңы жылда жардыргыч каражаттарды колдонуудан чыккан. Ошондой эле тилсиз жоонун 72%ы жеке турак жайларда жүз берген.

“Өрттүн алдын алуу үчүн мешти көөдөн өз убагында тазалап, ал эми электр жылыткычтарын сатып алаарда анын сапатына, чыгарылган жерине жакшылап көңүл бурган маанилүү. Андан тышкары электр чубалгыларынын колдонуудан чыгып калгандарын алмаштырып туруу зарыл. Ошондой эле газ балондорду колдонууда дагы коопсуздукту сактоого чакырабыз,”- деди ӨКМнин кызматкери.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.