17-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы төмөнкүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +10 +15, күндүз +27 +32;
  • Талас облусунда түнкүсүн +6 +11, күндүз +26 +31;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13 +18, күндүз +30 +35;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6 +11, күндүз +22 +27;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +3 +8, күндүз +22 +27 градус жылуу болот.
  • Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13 +15, күндүз +30 +32 градус болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.