17-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 17-июлда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы төмөндөгүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +13 +18, күндүз +27 +32;
  • Талас облусунда түнкүсүн +11 +16, күндүз +24 +29;
  • Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +15 +20, күндүз +29 +34;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9 +14, күндүз +18 +23;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +8 +13, күндүз +20 +25;
  • Бишкекте күндүз жаан жаабайт. Түнкү убакытта +16 +18, күндүз +30 +32.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.