17-августта Ош шаарында газ берүү убактылуу токтотулат

Эртең, 17-август күнү саат 07:00дөн 19:00гө чейин Ош шаарынын бардык аймактарына газ берүү убактылуу токтотулат.

Бул тууралуу “Ынтымакка” “Ош газ” ишканасынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, саат 07:00дөн 19:00гө чейин борбордук газ бөлүштүрүү түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

Мындан сырткары, Ош шаарына жакын жайгашкан Кара-Суу районуна караган айылдарда да газ жок болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.