16-январь – “The Beatles” күнү. Легендарлуу топ тууралуу кызыктар

Британиянын рок-тобу “Битлз” 1960-жылы түзүлүп, курамында Джон Леннон, Пол Маккартни, Джордж Харрисон, Ринго Стар ырдаган. Ал эми кошумча курамын Стюарт Сатклифф баш болгон үч бала түзгөн. 1957-жылдын ушул күнү Ливерпулда жаш таланттарды колдоо максатында The Cavern клубу ачылып,”Битлздын” музыканттары дал ушул клуб аркылуу ийгиликке жетишкен. Аталган клубдун ачылган күнүнүн урматына 16-январь- “The Beatles” күнү болуп калган.

  1. Мындан 55 жыл мурда, 1963-жылы The Beatles тобунун “Please Please Me” аталышындагы биринчи альбому жарыкка чыккан. Дал ушул альбом аталган топту дүйнө жүзүнө даңазалап, атагын чыгарган.

2. Джордж Харрисон топко кошулган кезде болгону 16 жашта эле.

3. Джон Леннон менен Пол Маккартнини бир гана музыка эмес, жашоосундагы болгон трагедия да бириктирген. 1956-жылы Полдун апасы рактан каза болсо, эки жылдан кийин Леннондун апасы жол кырсыгынан көз жумган.

4. Легендарлуу топтун курамы 5 жолу алмашкан.

5. Топтун мүчөлөрүнүн биринин да музыкалык билими болгон эмес.

6. Гастролдордун биринде Стюарт Сатклифф жаш сүрөтчү кызды сүйүп калгандан кийин топту таштап, сүйүктүүсү менен жашоо үчүн Гамбургга кеткен.

7. Джон Леннон мышыктарды аябай жакшы көргөндүктөн, бир эле учурда он мышыкты чогуу баккан.

8. Британиялык төрт жигиттин баары тең америкалык кыздарга баш кошушкан.

9. “Битлздын”«Penny Lane» деген ыры чыккандан кийин Penny Lane аталышындагы көчөдөгү жазуулардын баарын топтун күйөрмандары уурдап кеткен. Ошондон кийин бийлик көчөнүн атын имараттардын дубалдарына жазганга аргасыз болгон.

10. Кээ бир окумуштуулар “Битлздын” айрым ырлары аутизм менен жабыркаган балдардын айыгышына жардам берээрин аныкташкан. Алар “Here Comes The Sun”, “Octopus’s Garden”, “Yellow Submarine”, “Hello Goodbye”, “Blackbird” жана “Lucy in the Sky with Diamonds”аттуу чыгармаларын ата-энелерге сунушташкан.

11.  Учурда топтун ырчыларынан Пол Маккартни менен Ринго Стардын көзү тирүү.

12. Стюарт Сатклифф 1962-жылы Гамбурда жашап жүргөндө мээсине кан куюлуп  каза болгон.

13. Джон Леннон Йоко аттуу сүрөтчү кыз менен таанышып калат. Ырчы үй-бүлөлүү болгондуктан, Йоко анын көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүн бир нече сааттар бою үйүнүн алдына олтуруп алып кат ажазып жөнөткөн учурлары болгон.

14.  “Битлздын” “Жашоомо сени чакырам” деген ырын күйөрмандары кызга болгон сүйүүдөн жаралган чыгарма деп түшүнүшкөн. Бирок аталган топ берген интервьюлардын биринде Маккартни бул ыр баңги затына арналганын айткан.

15. 1967-жылдары топтун жигиттери баңги затына баш оту менен кирип кетишкен. Мындан улам баары чогуу, тынч жашоону каалашып, Грециядан укмуштуудай кооз арал сатып алышкан. Бирок топ тараганда, арал да сатылып кеткен.

16. Джордж Харрисон 2001-жылы рактан көз жумган.

17. “The Rolling Stone” журналынын сырткы бетине жылаңачтанып, Йоко менен түшкөн сүрөтү Леннондун акыркы сүрөтү болуп калган. Ошол эле күнү кечинде Нью Йорктогу үйүнүн алдынан өзүнүн фанаты Марк Чепмен атып кеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген