16-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 16-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көлдүн айрым райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жайт. Күндүзү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Ош, Жалал-Абаддын тоолуу аймактарында өткүн өтөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы төмөнкүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +12 +17, күндүз +25 +30;
  • Талас облусунда түнкүсүн 7 +12, күндүз +25 +30;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +13 +18, күндүз +28 +33;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9 +14, күндүз +21 +26;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +2 +7, күндүз +22 +27.
  • Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15 +17, түнкүсүн +28 +30.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.