Базар-Коргон: жер көчкүдөн жабыркагандар жаңы конушка свет жеткирүүнү суранып жатышат

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон  районунда жазында  көчкүдөн  жабыркаган  180 үй-бүлө турак-жай кура башташты. Аларга  Ноокен районунун  Арал айыл аймагынын  Орто-Сай  айылынынан  8 сотыхтан  жер тилкелери  берилген.

Табигый кырсыктан кийин коопту аймакта  жашаган  тургундардын катарында  Акжол  Козубаев бар. Анын Кызыл-Суу айылында  көп  жылдардан  бери  жашаган үйү көчкүдөн улам  жараксыз  абалга кептелип,  үй-бүлөсү менен туугандарыныкында  баш калкалап турган.

“Жер тилкелерин алдык. Азыр үйдүн пайдубалын бүтүрдүк. Бул жерде таза суу жок. Ошондуктан кудук казып, өзүбүз ичүүчү суу чыгарып жатабыз”, – деди ал.

Мындагылар курулуш бүтө электе эле көчуп келип алышкан. Ошондуктан жергиликтүүлөр электр энергиянын жоктугуна байланыштуу жаш  балдары  менен  кыйналып  жаткандыгын айтышат. Алар азыр суук түшкүчө үйлөрүн бүтүрүп алууну пландашууда. Ошондуктан  эртерээк  жарык  маселесин  чечип  берсе  дешет.

Учурда жаңы конушка 79 кожолук келип, орношуп калышты. Калгандары качан келээринен кабар  жок  экендигин  бийлик  өкүлдөрү  билдиришти. Эгерде Август айынын аягына  чейин   көчүшпөсө жерлерин  башка  жабыр тарткан  үй-бүлөлөргө өткөрүп берээрин  эскертишкен.

Базар-Коргондо  быйыл жалпы  23 ирет жер көчкү катталып, 430 үйгө  коркунуч  жаралган. Жарандардын  арасынан   180 кожолукка 18 гектар  жер аянты  ажыратылды. Калгандарына  Кеңеш  айыл аймагынан  жер  тилке  берүү жагы  каралууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген