Казакстандын учагы казак жарандарын гана алып, кыргызстандыктарды Египетке калтырып кетти

Бүгүн Египеттен келе турган 150дөн ашык кыргызстандыктар келишкен жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматта белгилүү болгондой, алар Алмата шаары аркылуу келиши керек эле.

“Биз даярданып күтүп атканбыз, бирок бүгүн эртең менен алардын Алматага келбегендиги тууралуу кабар алдык”,- деди министр Чолпонбаев.

Кечээ, 19-мартта 150дөн ашык Египетте калган кыргызстандыктар кыргыз бийлигине кайрылышып, мекенге келе албай калгандыктарын билдиришкен.

Анда белгилүү болгондой, казакстандык учак өздөрүнүн гана жарандарын  алып кеткен. Натыйжада, кыргызстандыктар Египеттин аэропортунан чыга албай калышты.

“21-22-март күндөрү бардык тараптар жабылат экен. Анда биз көчөдө калабыз. Бизди алып кеткиле, мекенибизге кеткибиз келет”,- дешти Египетте калган кыргыз жарандары.

Египетте 150 ашык кыргыз жарандары өз мекенине кайталбай жатышат.

Опубликовано Дайыром Исмадияровым Четверг, 19 марта 2020 г.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген