15-майда Чолпон-Ата шаарында эл аралык марафон өтөт

Быйыл Чолпон-Ата шаарында эл аралык марафон өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Белгилүү болгондой, марафонго Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары катышат. Жарыш 15-майда Чолпон-Атадагы ат майданда старт алат.

Мелдеште спортчулар нормативдерди аткарса, Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия алышат.

Белгилей кетсек, иш-чара былтыр 2-майда өтмөк. Бирок пандемиядан улам 2021-жылга жылдырылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.