15-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Жакынкы күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында суук болот. Синоптиктер өлкөнүн түндүгүндө, чыгышында жана борборунда жаан-чачын катуу болорун божомолдошууда.

Жаан-чачын катуу шамал менен коштолот. Мындан тышкары, күн күркүрөп, мөндүр жаашы мүмкүн. Циклон аба ырайына терс таасирин тийгизет.

Натыйжада, Талас жана Чүй облустарынын алыскы аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 12 градуска чейин төмөндөйт, күндүз 25-30 градус болот, Ысык-Көл менен Нарындын тоолуу аймактарында абанын көрсөткүчү түнкүсүн 5тен 7 градуска чейин төмөндөп, күндүз 12-28 градуска көтөрүлөт.

Туруксуз аба ырайы 19-июль, дүйшөмбүгө чейин уланат. 20-июлдан баштап күн кайрадан ысый баштайт.

15-июлга карата аймактардагы абанын температурасы төмөндөгүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +13 +18, күндүз +27 +32;
  • Талас облусунда түнкүсүн +9 +14, күндүз +25 +30;
  • Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +17 +22, күндүз +30 +35;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9 +14, күндүз +22 +27;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +8 +13, күндүз +21 +26;
  • Бишкекте абанын түнкү төмөнкү температурасы +16 +18, күндүз +30 +32 градуска чейин ысыйт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.