15-февралдан тарта убактылуу айдоочулук күбөлүк менен жүргөндөр айып пул төлөшөт. Видео

15-февралдан тарта убактылуу айдоочулук күбөлүк менен жүргөндөр айып пул төлөшөт. Унааларын айып короосуна киргизүү токтому кабыл алынды. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Аталган кызмат убактылуу күбөлүктү туруктуусуна 15 – февралга чейин алмаштырып алууну эскертет. Бирок айдоочулар 2 күндүн ичинде жаңысын алууга үлгүрбөй калабыз дешүүдө.

Азыркы учурда жаңы айдоочулук күбөлүк алууга кезекте тургандардын саны арбын. Ош облусу боюнча 6 миңден ашуун айдоочу убактылуу күбөлүк менен жүргөн. Аларга өткөн жылдын  декабрь айынан тарта жаңысы берилип жатат. Эки айдан ашуун убакыттын ичинде 6000 айдоочунун 60 пайызы туруктуу күбөлүктү алып бүтүштү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген