15-февраль: Бүгүндөн тарта дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген насыялар бериле баштайт

Дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген насыя 15-февралдан тартып бериле баштайт. Премьер-министр Улукбек Марипов жарыялагандай, жеңилдик “Айыл чарбасын каржылоо-9”долбоорунун алкагында жеткиликтүү болот.

Маалым болгондой, тармактарга жараша жылына 6, 8 жана 10 пайыздык чен менен 5 жылга чейин насыя берилет.

Мариповдун  айтымында, өкмөт айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча лизингдик программаны ишке ашырууга 540 миллион сом бөлүп берет. Ошондой эле дыйкандар үчүн базар баасынан 30 пайызга арзан үрөндү сатып алуу механизми жөнөкөйлөштүрүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.