14-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 14-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Нарын облусунун алыскы тоолуу райондорунда жаан жаап, катуу шамал согот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы төмөндөгүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +7  +11, күндүз +27 +29;
  • Талас облусунда түнкүсүн +4  +9, күндүз +26 +28;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10 +15, күндүз +31  +33;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6 +10, күндүз +23 +25;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +3  +8, күндүз +22 +24 градус ысык болот.
  • Бишкекте түнкүсүн  +10  +12, күндүз +28 +31 градус ысык болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.