14-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Синоптиктердин айтымында, эртең 14-июлда, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас облустарынын өрөөн зоналарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, ошондой эле Баткен жана Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан-чачын күтүлөт. Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөн зонасында, Чүй облусунун дыйканчылык зонасында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аба ырайынын туруксуздугуна жана республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жамгырга байланыштуу сел жүрүү коркунучу бар. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с.

Бишкек шаарында 14-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы + 11 … + 13, күндүзгү жогорку температурасы + 27 … + 29.

Аймактар ​​боюнча абанын температурасы төмөнкүдөй:

  • Чүй облусу: түнкүсүн + 11 … + 16, күндүз + 25 … + 30;
  • Талас облусу: түнкүсүн + 9 … + 14, күндүз + 24 … + 29;
  • Баткен облусуну: түнкүсүн + 15 … + 20, күндүз + 28 … + 33;
  • Ош жана Жалал-Абад облустары: түнкүсүн + 15 … + 20, күндүз + 28 … + 33;
  • Ысык-Көл облусуну: түнкүсүн + 7 … + 12, күндүз + 18 … + 23;
  • Нарын облусу: түнкүсүн + 4 … + 9, күндүз + 18 … + 22;

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.