13-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 13-июлда түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарында, Жалал-Абад, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттү жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы төмөнкүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +16… +21, күндүз +29… +34;
  • Талас облусунда түнкүсүн +11… +16, күндүз +27… +32;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында ​түнкүсүн +16… +21, күндүз +28… +33;
  • Ысык-Көлдө түнкүсүн +9… +14, күндүз +20… +25;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +8… +13, күндүз +20… +25;
  • Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19… +21, күндүз +31… +33 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.