Бүгүн дүйнөлүк нике агенттигинин күнү. Кыргызстанда алар кандай иштешет?

Кыргызстанда саны 10го жетпеген нике агенттиктери иштейт. Алардын дээрлик баары Бишкекте жайгашып, көпчүлүгү мусулманчылыкка багытталган агенттиктер. Алар түгөйлөрдү табыштыргандан сырткары болочок жубайларга үй-бүлөлүк сабактарды да өтүшөт.

Бүгүн, 12- февраль – Бүткүл дүйнөлүк нике агенттигинин күнү. Бул майрам эң алгач 2010- жылы Украинада пайда болгон.

Ал эми дүйнөдө нике агенттигинин 360 жылдык тарыхы бар. Эң биринчи агенттик «Бюро встреч и адресов» деген ат менен 1650- жылы Лондондо ачылып, өз кызматын көрсөтө баштаган.

Өмүрлүк жар издегендерди бири – бири менен табыштыруу максатында иш алып барган агенттиктер Кыргызстанда “Нусра”, “Доктор Сват”, “Лагуна” жана “Be Together” ж.б аталыштар менен кызмат көрсөтүшөт.

Аталган агенттиктердин кызматынан пайдаланууну каалагандар алгач кеңсесине барып, же онлайн анкетасын толтуруусу зарыл. Андан кийин келишилген суммадагы кызмат акы төлөө талап кылынат.

Борбордогу нике агенттиктеринин бирин жетектеген Роза Иманалиева радиолордун бирине берген маегинде кыргызстандыктар агенттиктердин кызматынан пайдаланууну эми гана үйрөнүп, көнө баштагандарын айткан.

“Азыр адамдардын убактысы аз, иши көп заманда жашап жатабыз. Жаштардын бири – бири менен таанышууга, сүйлөшүүгө, татыктуу жар тандоого убактылары жок. Жумуш менен алектенип жүрүп, жаштары да өтүп кетет. Ошондо биздин жардамыбызга кайрылышат. Келген кардарлардын талабы кандай экендигин, кандай жар издеп жаткандыгын билүү үчүн агенттиктин психологу кардар менен иш алып барат.

Бизге келген мырзаларга караганда 30 жаштан ашкан айымдардын саны көбүрөөк. Алардын арасында “Мен уялып жатам, туура эмес кылып атамбы”,- дегендери кездешет. Мындай учурларда мен бул нерсе кыргыздарда илгертен эле болуп келгендигин, жеңелер, ортомчулар түгөй издешкендигин, уялууга себеп жок экендигин айтам.

Ошондой эле бизге кайрылган мырзалардын арасында толтура себи менен “золушка” издегендери, ал эми айымдардан миллионер издегендери да чыгат. Андайда биз болушунча кардар менен баарлашып, биз ага демөөрчү эмес, үй-бүлө курууга өмүрлүк жар издеп жатканыбызды түшүндүргөнгө аракет жасайбыз”,- дейт Роза Иманалиева.

Агенттиктин жетекчиси учурдун жаштары үй-бүлөлүк жашоого өтө жеңил көз караш менен карап, алардын көпчүлүгү жарандык никеде жашоону тандашаары өкүнүчтүү экендигин айтты.

Нике агенттиктеринин кызмат акысы 1000 сомдон башталып, кызматтардын санына карап 15 миң сомго чейин жетет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген