12-13-август күндөрү президент түштүк жергесине иш сапары менен келет

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарын улантууда. Ал 12-13-август күндөрүндө жумушчу сапары менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат сайты жазды.

Жумушчу сапарынын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык, социалдык, айыл чарба, өнөр жай жана билим берүү объектилеринин ишмердиги  менен таанышат.

Андан тышшкары коронавирус инфекциясы пандемиясы шарттарында ирригацияны жакшыртуу, ички жолдорду реконструкциялоо долбоорлорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышат.

Буга чейин өлкө башчы Талас, Ысык-Көл облустарына иш сапары менен барып, аймактардагы абал менен жакындан таанышып келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.