“118” ыкчам байланыш кызматы кайрадан чалууларды кабыл ала баштады

COVID-19 маселелери боюнча “118” ыкчам байланыш кызматы кайрадан чалууларды кабыл ала баштады. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Электрондук саламаттык сактоо борборунун адистери тармактарды ырастоо иштерин, ошондой эле колл-борбордун операторлорун окутууну жүргүзгөндүгүнө байланыштуу  2020-жылдын 10-сентябрынан 10-октябрга чейин колл-борбордун иши убактылуу токтотулган.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 13-октябрдан тарта Бишкектеги 4 бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун, ошондой эле облустук үй-бүлөлүк медицина борборлорунун алдында колл-борборлор ишин баштады. Мындай чаралар өлкө калкында COVID-19дун жайылышын болтурбоо боюнча аралыктан, өз убагында жана квалификацияланган медициналык кеп-кеңештерди берүү үчүн көрүлгөн.

Колл-борборлор 118 бирдиктүү маалыматтык номеринин базасында иштейт.

118 ыкчам байланыш кызматынын негизги максаты – симптомдордун негизинде калкка өз убагында жана квалификацияланган медициналык кеп-кеңештерди берүү менен COVID-19га байланыштуу ооруканага жаткыруу учурларын кыскартуу.

Ош шаарында эрежелерди бузгандыгы үчүн 5 ресторандын иши токтотулду

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген