114 мамлекеттик ишкана жоюлду

Өкмөт 114 мамлекеттик ишкананын жоюп, 63үн кайра түзүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамишканаларды жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдорду оптималдаштыруу боюнча жыйында билдирди.

Анын айтымында көпчүлүк мамишканалар чыгашалуу болуп, коррупция, жеке кызыкылык үчүн иштеп жатат. Түпкүлүгүндө алар өлкө казынасына киреше алып келиши керек болсо, иш жүзүндө айрым мамишканаларга мыйзамды бузуу менен республикалык бюджеттен акча бөлүнүүдө.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Болсунбек Казаков билдиргендей, республика боюнча 1130 мамлекеттик ишкана бар. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында алардын 900у иштебей турганы аныкталды.

“Ошол мамишканалардын багытындагы эле жеке ишканалардын кирешеси бир топ эле чоң. Аларды жоюп же кайра түзүп, болбосо менчиктештирүүгө бериш керек”, – деди Казаков.

Ал кошумчалагандай, 33 мамлекеттик ишкананын былтыркы жылдагы жалпы кирешеси 42,8 млрд сомду түзсө, чыгашасы 41,9 млрд сомго жетти. Ошентип, өлкө бюджетине 364 млн сом эле түшкөн.

Бүгүнкү жыйын жыйынтыгында өкмөт башчы 31-мартка чейин мамишканаларды кайра түзүү боюнча документти карап чыгып, өз сунуштарын берүүнү тиешелүү мекемелерге тапшырды.

Сүрөт: Азаттык

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz