110 жаштагы эне 80 жаштагы кызы менен бактылуу карылык кечирүүдө

Баткендин Пум айылында 110 жаштагы эне жашайт. Бир кылымды артка таштаган Тажи апа учурда бактылуу карылыктын доорун сүрүүдө. Бир уул , эки кызды тарбиялап өстүргөн. 21 небере, 73 чеберенин 7 кыбыранын чоң энеси. Анын неберелеринин эң чоңу 60 жаштан ашса, кызы 80 жашта. 

Тажи апа 1908-жылы Баткендин Пум айылында төрөлүп, эки доорду башынан өткөрүптүр. Кылым карытса да кайраттуу, тетик, өз оюн толук айтып, бирөөнүн жардамында басат. Көзү менен кулагынын угуусу орто.

Ата-энесинен эрте ажыраган Тажи апа эжесинин колунда өскөн. Анын тапканын татып, кешигин жеп жүргөнүм үчүн көп жашты сүрүп калсам керек деп божомолдойт.

“Анткени кыйын жашоодо жоктон барды кылып, кыйынчылыкты билгизбей карап өстүргөн. 18 жашымда турмушка чыгып , жолдошум менен 50 жылдан ашуун бирге өмүр сүрдүк”, – деди  Тажи Абдураимова.

Тажи апа согуш учурдагы кыйын кездерди башынан өткөрдү. Бирок ал кундөрдү кайгырып эстебейт. Анткени учурда балпайган байбиче, уул-кыздын, небере-чеберелеринин сый-урматында бактылуу каарылыкты өткөрүп жаткан кези.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген