11-январь- Бүткүл дүйнөлүк рахмат айтуу күнү

11-январь- жыл ичиндеги эң сонун, жагымдуу жана сылык күн. Анткени бул күн Бүткүл дүйнөлүк рахмат айтуу күнү катары белгилүү(International Thank You Day).

Рахмат айтуу күнүнө көбүнчө кайрымдуулук уюмдары жана коомдук фонддор, ошондой эле маданият кызматкерлери, билим берүү мекемелеринен студенттер жана окуучулар өзгөчө маани берип  белгилешет.

Бул күнү уюштуруучулар адамдарды бири-биринен жылуу сөздөрдү аябаганга, жакындарына  жана досторуна гана эмес, бейтааныштарга да ар бир нерсе үчүн ыраазычылык айтканга чакырат.

Акыркы учурларда рахмат айтуу күндү салт катары карап, бул күнү бири-бирине куттуктоо баракчаларын жиберип, чакан белек арнагандар дүйнө жүзүндө көбөйдү. Мындан сырткары жыл сайын 11-январда дүйнөнүн булуң бурчтарында флешмобтор уюштурулуп, кайрымдуулук акциялары, лекция жана семинарлар өтүп турат.

Рахмат айтуу күнүнүн тарыхына кайрылсак, эң  алгачкы “рахмат” сөзү француз сөздүгүндө 1586-жылы пайда болгон. 20-кылымга чейин “рахматтын” ордуна “ыраазымын” деген сөз колдонулуп, кийинчерээк “рахмат” көбүрөөк айтыла баштаган.

11-январь- БУУнун жана ЮНЕСКОнун демилгеси менен маданияттуулукту көтөрүп, корс мамиле менен күрөшүү максатында  майрам катары бүткүл дүйнөгө тараган.

Эксперттер адам “рахмат” сөзүн жашоосунда көп колдонуп, сылык болушу үчүн ата-эне балага бөбөк кезинен үйрөтүшү керек экендигин айтышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген