11-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 11-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Суусамыр, Алай өрөөндөрүндө, айрым тоолу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы төмөндөгүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +7  +12, күндүз +23  +28;
  • Талас облусунда түнкүсүн +3  +8, күндүз +21  +26;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10  +15, күндүз +25  +30;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4  +9, күндүз +18  +23;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +3  +8, күндүз +18  +23 градус ысык болот.
  • Бишкекте түнкүсүн  +10  +12, күндүз +25  +27 градус ысык болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.