11-март күнү Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында электр жарыгы өчүрүлөт

11-март күнү оңдоо иштерине байланыштуу Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ош шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы жок болот. Бул тууралуу “Ошэлектр” ишканасынан маалымдашты.

Электр жарыгы:

-Ош облусундагы Кара-Суу районунун Зарбалик, Мамаджан, Кыш-Абад, Беш-Капа, Казак, Чоок, Савай-Арык, Кожомбак, Тажибай, Жаны-Кызылсуу, Фархад, Ош-3000, Питомник айылдарында;

– Кара-Суу шаарынын Ленин, Пушкин, Нурахунов, Ош, Өзгөн көчөлөрүндө;

– Араван районунун Нур-Абад айыл өкмөтүндө;

– Баткен облусунун: Кадамжай шаарында;

– Ош шаарынын Беш-Бадам, Он-Адыр массивдеринде өчүрүлөт.

Жарык саат 8:00- 17:00 аралыгында өчүрүлөт.

«Ошэлектр»ишканасы аталган аймактардын жашоочуларынан жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген