105 жылдан кийин: “Титаник” тууралуу 10 факты

“Титаниктин” чөгүп кеткенине быйыл 105 жыл болду. 1912-жылдын дал ушул күнү 15-апрелде  кеме Атлантика океанында кырсыктаган. Биз “Титаник” тууралуу көпчүлүк биле бербеген 10 фактыны тизмектедик.

Кемени сууга чыгаруу үчүн  гана 23 тонна май жана суюк самын керектелген.

 

Конструкторлор кемени чөкпөс деп эсептешкен. Түбүнүн эки кабат болушу жана суу өткөзбөөчү тосмолор ал кездеги ноу-хау эле. Бирок ойлоп табуучулар айсбергдин күчүн билбеген эле.

 

“Титаникте” эң эле жөнөкөй буюм – дүрбү жок болуп чыккан. Капитан экинчи жардамчысы Блэрди жумуштан айдаганда, ал өч алуу үчүн дүрбүлөр жаткан сейфтин ачкычын алып кетип калган.

 

Кеме 1912-жылдын 15-апрелине караган түнү кырсыктады. Окуя кандай болгону ийне-жибине чейин белгилүү. Таң эртеден эле башка кемелердин экипажы муздар жакын экенин айтышкан, бирок “Титаник” бул эскертүүлөргө кулак салган эмес. Акыркы маалымат кырсыкка чейин 40 мүнөттө келген, бирок кемедеги байланыш адиси билдирүүнү тыңдабастан туруп, өчүрүп салган.

 

Кемеде ошол кездин атактуулары көп эле. Алардын катарында, мисалы,  миллионер жана феминистка Маргарет Браун болгон. Ал беш тил билгени жана ошол тилдерде абай сөгүнгөнү менен белгилүү болгон. Ал “Титаниктен” аман чыгып, кийинки “Карпатия” кемесине жеткенче аман калгандардын тизмесин тактап, жабырлануучуларга төшөнчө, тамак издеп, жардам катары 10 миң доллар чогултууга үлгүргөн.

Кеме музыканын коштосунда чөккөн. Оркестр акыркы мүнөттөргө чейин “Кудай, сага жакындап” деген чиркөө гимнин ойноп турду.

 

ЮНЕСКО кырсыктан 100 жыл өткөндөн кийин “Титаниктин” калдыктарын маданий мурас объектиси деп жарыялады.

 

100 жылдыкка карата  2012-жылы чыккан «Титаник 3D» АКШнын өзүндө эле 17,4 млн доллар чогултту. Джеймс Кэмерондун 1997-жылы чыккан “Титаниги”  аябай ийгиликтүү болуп, ошол кездин эсебинде чоң акча – 1,8 млрд доллар чогултту. Бул рекордду 12 жылдан кийин гана “Аватар” тасмасы басып өттү.

 

“Титаник” жүргүнчүсүнүн эң акыркысы 2009-жылы 97 жашында каза болду. Кырсык маалында ал 2,5 айлык ымыркай эле.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген