10 жаштагы кызды зордуктады деп изделген ноокендик жаран кармалды

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда 10 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Учурда анын баш коргоо чарасы каралып жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

“Аталган кылмышка шектелип Ноокен районунун 20 жаштагы А.А аттуу тургуну ушул эле райондон колго түшүрүлдү. Азырынча шектүү тууралуу кенен маалымат бере албайбыз, анткени кармалган жаран мындан башка дагы кылмыштарга тиешелүү деген божомолдор бар”,- деп билдирди Жалал- Абад облусттук милициясынын басма сөз катчысы.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 28-январында Ноокен районунун тургуну 10 жаштагы кызын бейтааныш адам зордуктап койгонун айтып, Ноокен райондук Ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Арыз ээсинин айтымында окуя анын кызы мектептен үйгө кайткан учурда, кечки саат 17:00 чамасында болгон. Аталган кылмыш боюнча Жаза кодексинин 161-беренеси (“Зордуктоо”) менен иш козголуп, шектүүнүн келбетинин болжолдуу сүрөтү даярдалган болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.