Менин Жерим: Беткапты туура тагып-чечүүнү билип алыңыз

Медициналык беткаптардын колдонуу эрежелери тууралуу билип алыңыз. Сапатына жараша 2-4 саатка чейин колдонууга боло турган түрлөрү бар.

Маселен, бир жолу колдонулуучу медициналык беткапты 2 сааттан ашуун тагып жүрүүгө болбойт. Бирок коопсуздук стандарттарына 100 пайыз жооп берет. Ортоңку катмары вирус, нымдуулукту өткөрбөй коргоп турат.

Эмнеге 2 сааттан ашуун тагууга болбойт деген суроо жаралат. Себеби, медициналык беткапка сырттан жабышкан бактерия, вирустар микробдордун булагына айланат.

Ал эми үй шартында марли жана башка материалдардан тигилген беткаптарды бир нече жолу жууп-тазалап колдонууга болот. Бирок нымдуулукту өткөргөндүктөн сизди коронавирустан сактабай турганын унутпаңыз.

Респиратордук беткапты 4 саатка чейин тагып жүрүүгө мүмкүн. Артыкчылыгы атайын фильтри бар. Жана ал аркылуу аба өтүп, жакшы дем алууга шарт бар.

Деген менен респиратордук беткаптар бардык эле адамдын жүзүнө туура келе берейт. Адамдардын бет жаак түзүлүшү ар кандай болгондуктан жүзүңүзгө ылайыктуу масканы такканга аракет жасаңыз. Тактап айтканда, сиз колдонуп жаткан беткап аба кирүүчү жылчыкчаларды жаап турушу зарыл.

Сиз издеген суроолорго жооп төмөндө:

  • Беткапты тагуунун жана чечип алуунун да өз эрежеси бар. Баш бармак жана ортоңку бармактарыңыз аркылуу тагып, кайра колдонуу сааты бүткөндө ошол эле бармактарыңыз аркылуу алыңыз.

 

  • Айрыкча кол менен мыкчып чечип алуу кооптуу. Себеби, беткаптын бетиндеги вирустар колуңузда калып, оору жуктуруп алуунуз ыктымал.

 

  • Ал эми колдонуп бүткөн соң атайын таштанды челегине салып коюңуз.

 

  • Сиз эске алчу дагы бир жагдай, беткапты ачык жерлерде эмес, коомдук транспорт сыяктуу эл көп чогулган жайларда тагып жүргөнүңүз жакшы.

Менин Жерим: Сарымсак, пияз, имбирь коронавирустан сактабайт

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.