10 миңден ашуун кыргызстандыктар “улуту” графасы көрсөтүлгөн паспорт алды

Бир айдын ичинде Кыргызстанда 20 миңге жакын жаран ID паспорт алышып, алардын жарымынан көбү улутун көрсөтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан белгилүү болду.

КРнын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечимине жана Өкмөттүн токтомуна ылайык, 15-декабрдан баштап паспортко “улуту” деген графаны киргизүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Андан бери 19 миң 451 улуттук паспорт даярдалып, алардын 10 миң 153 даанасы улутун көрсөтүү менен берилсе, калган 9 миңине көрсөтүлгөн жок.

Белгилей кетсек, жарандын каалоосу боюнча 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картада “улуту” деген графа көрсөтүлөт.

Идентификациялык картада төмөнкү маалыматтар камтылган: 

– текст түрүндө: фамилиясы, аты жана атасынын аты, жынысы, жарандыгы, туулган датасы, документтин номери, берилген датасы, колдонуу мөөнөтү, жеке идентификациялык номери, ыйгарым укуктуу орган жана коду, ээсинин колу, ээсинин жүзүнүн сүрөтү санарип форматта, жеке идентификациялык номердин штрих коддору жана документтин номери;

– түзмөктө окула турган формада: түзмөктө окула турган зона;

– электрондук чипте: ГОСТ стандарттарына ылайык криптографиялык алгоритмдердин негизинде жүзөгө ашырылган биометрикалык маалыматтар, улуту, туулган жери, дареги, үй-бүлөлүк абалы, электрондук цифралык колтамгалардын ачкычтары.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.