10 кыргызстандык Афганистандан өлкөгө кайтарылды

Бүгүн, 27-апрелде, Казакстан аркылуу 10 кыргызстандык Афганистандан жана Кабул шаарынан кайтарылды. Келгендердин баары бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө алынды деп маалымдады республикалык штаб.

Кыргыз жарандарын чет мамлекеттерден кайтаруу маселелерин ишке ашыруунун алкагында КРнын ТИМи Казакстандын ТИМи менен биргеликте кызматташууда бул маселени чечүү иштелип чыкты.

“Жарандар ооган авиакомпаниясынын коммерциялык чартердик авиакаттамы аркылуу Алматынын эл аралык аэропортуна учуп келишти. Ал жактан алар атайын унаа менен саламаттык сактоо кызматкеринин коштоосунда  Бишкекке алынып келди”,-деп маалымдады республикалык штаб.

Бириккен Араб Эмираттарынан 178 кыргызстандык келди

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген