10 күн катар алкоголдук ичимдик ичкен адамдын мээси кандай өзгөрөөрүн окумуштуулар аныкташты

Португалиялык окумуштуулар чычкандарга эксперимент жүргүзүштү. Ага ылайык, 10 күн тынбай алкоголдук ичимдиктерин колдонгон адамдардын нерв байланыштары жабыр тартаары: таанып-билүү жөндөмү төмөндөп, тынчсыздануу сезими өөрчүүрү анык болгон. 

Порту университетинин нейробиологдору 10 күн аралыгында эркек чычкандарга адамдар ичкен өлчөмдөгү алкоголдук ичимдиктерди: бир кружка сыра, бир бокал вино же башка күчтүү суусундуктарды берип турушкан.
Сыноонун онунчу күнүндө изилдөөчүлөр “ичкичтердин”мээлерин анализдеп, андагы таанып-билүү, ажыратуучу бөлүктөрдүн өтө алсызданып кеткендигин көрүшкөн. Нерв байланыштары жабыркаган чычкандар тынч тура албай, таанып-билүүлөрү төмөндөп кеткен.
Окумуштуулар буга чейин деле алкоголдук ичимдиктер мээге зыян келтирээри белгилүү болгондугун, бирок таанып-билүүнүн төмөндөшү, тынчсыздануунун өөрчүшү- жаңы ачылыш экендигин айтышкан. Алар бул ачылышты ачыкка чыгарып эле тим болбой, буга каршы күрөшүү үчүн айрым каражаттарды сунуш кылышкан.
“Биз клиникаларда колдонулуп жүргөн айрым каражаттар мээнин жабыркашын токтотот, алкоголдук ичимдиктен пайда болгон тынчсызданууну жок кылат деп ишенип жатабыз”,-деген изилдөөчүлөрдүн бири Камила Португал.
Окумуштуулар алкоголдук ичимдикти көп убакыттан бери пайдаланып келе жаткан адамдардын мээси кандай өзгөрүүлөргө дуушар болоорун билүү үчүн дагы эксперимент жүргүзүүнү пландап жатышат. Бул жолу эркек чычкандарга эле эмес, ургаачыларына да басым жасалат дешет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген