10-июлдан тарта Кыргызстандын жарандарынын Орусияга кирүү эрежелери өзгөрүлөт

Кыргыз жарандарынын Орусияга кирүү тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Ага ылайык, 2021-жылдын 10-июлунан тартып, кыргызстандыктар жана ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин жарандары Орусияга киргенде, “COVIDсиз саякаттоо” тиркемеси аркылуу келгенге чейин 72 сааттан эрте эмес тапшырылган ПЦР тестинин жыйынтыктарын көрсөтүүсү керек.

Чет өлкөдөн кирип жаткан Орусиянын жарандары келген күндөн тартып үч күндүн ичинде бир жолу ПЦР тестинен өтүп, натыйжалары чыкканга чейин жашаган жери боюнча изоляцияда калышат.

Эгерде сизде вакцинациялангандыгы жөнүндө (12 айга жарактуу) же COVID-19дан калыбына келгендиги жөнүндө (6 айга жарактуу) электрондук сертификат болсо, анда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн ПЦР тестин өткөрүү талап кылынбайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.