1-сентябрь Кыргызстанда “Билим күнү” белгиленет

1-сентябрь өлкөнүн бардык мектептеринде “Билим күнү” майрамы белгиленет. Бул тууралуу “Ынтымакка” Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Айзура Чыкынова кабарлады.

“Мектептерде 2017-2018 жаңы окуу жылына карата 1-сентябрь күнү саат 10:00дө окуу жылынын ачылышына карата линейка болмокчу. Андан кийин тематикалык сабак жана класстык саат өткөрүлөт. Бул жылы алгачкы сабак Кыргыз Республикасынын маданияты жана тарыхы боюнча болмокчу”, – деди Чыкынова.

Тактап айтканда, 1-сентябрь күнү окуу башталбайт, майрам гана белгиленет. Ал эми окуу жылы Кыргызстандын бардык мектептеринде 4-сентябрда башталмакчы.

Сүрөт: Novosti.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.