1-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтен билдиришкендей, эртең, 1-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, кундузгү убакытта Чүй, Ысык-Көл облустарынын аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы төмөндөгүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +6 +11, күндүз +12 +17;
  • Талас облусунда түнкүсүн +3 +8, күндүз +11 +16;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +10 +15, күндүз +20 +25;
  • Ысык-Көлдө түнкүсүн +5 +10, күндүз +14 +19;
  • Нарында түнкүсүн +3 +8, күндүз +13 +18;
  • Бишкекте түнкүсүн +8 +10, күндүз +14 +16.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.