1-марттан тарта чек арадан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат 

1-марттан тарта Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу Өкмөттүн коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны учурунда маалымдалды.

Маалыматка ылайык, аталган чара республиканын жарандарынын коопсуздугун сактоо жана өлкө чек арасынан өткөрүүнүн учурдагы абалын көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында киргизилүүдө. Буга чейин мамлекеттик чек арадан эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн  Москвага келгенин жашырып, ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар аныкталды. Алардын бардыгы карантинге алынды.

Республикалык штабдын мүчөлөрү кыргызстандыктарга эл көп чогулган жерлерден оолук болууну сунуш кылат жана өздүк гигиенаны сактоонун зарлыдыгын эскертет.

“Air Манас” 1-марттан тарта Бишкек-Ош каттамдарын токтотот

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген