1-июнда өлкөнүн стоматологдору балдар үчүн кариеске каршы акция өткөрүшөт

1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “6 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн жаракаларды акысыз пломбалоо” акциясы өтөт. Бул тууралуу телеграмда акциянын уюштуруучусу Жылдыз Бейшембиева билдирди.

Демилгечинин айтымында, акциянын негизги максаты- калктын көңүлүн тиштердин ден-соолугу, алардын жашоосунда канчалык мааниге ээ экендигине буруу, алдын-алуу чаралары жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле ден-соолукту чыңдоо мотивациясынын жашоодо калыптанышына жардам берүү болуп саналат.

Балдардын тиштердеги жаракаларды пломбалоо процедурасы кариестин алдын алуунун эффективдүү ыкмаларынын бири. Бул эмалды бекемдөөгө жардам берет, алгачкы кариести токтотот.

Акция акысыз өтөт. Процедура оорутпастан тез жүрөт. Каттоодон өтүү үчүн, долбоордун барагында көрсөтүлгөн тизмеден тиш клиникасын тандашыңыз керек:

Бишкек шаары

  • “Ооба” стоматологиялык клиникасы , Чынгыз Айтматов проспектиси, 67 1-кабат тел: 0312542801, 0555329958 (whatsapp), 0505329958
  • “Кайрош” стоматологиялык клиникасы, Рыскулова, 10 1-кабат тел: 0312612303, 0312612302, 0556140140
  • “Дипломат” стоматологиялык клиникасы
  1. Манас проспектиси 41А Токтогулду кесип өтөт.
  2. “Адмирал” бизнес борбору 2-кабат. тел: 0770555444, 0700386606, 0558386606
  • “Доктор Нуритдинов” стоматологиялык клиникасы, Суеркулова көчөсү (мурдагы Донецкого көчөсү), 16/1. “Банур Медикал” медициналык борборунун имаратында, 3-кабат. тел: 0773563943, 0551975110
  • “МЕДИСТОМ” стоматологиялык клиникасы, К.Тыныстанов көч., 213 тел: 0700902229
  • “Адис” стоматологиялык клиникасы, 5мкр. филиал, С.Каралаева көч., 40/4 тел: 0508330303
  • “StarSmile” стоматологиялык клиникасы, Байтик Баатыр көч. 57 (Горький менен кесилишет) тел: 0773057057

Ош шаары

  • “Элим” стоматологиялык клиникасы Филармониянын жогору жагында, Кыргызтелекомдун маңдайында жайгашкан тел: 0551555191, 0708555191, 0551555191
  • “Доктор Назгүл” стоматологиялык клиникасы Абсамат Масалиев проспектиси, 11 1-кабат, 1 кеңсе тел: 0550103020, 0773717820
  • “Доктор Алтын” стоматологиялык клиникасы Абсамат Масалиев проспектиси, 58 тел: 0556871110
  • “Биодент плюс” стоматологиялык клиникасы Монуев көчөсү, 47а тел: 0555936531, 0773936531
  • “Эрдент” стоматологиялык клиникасы Mkr. Toloikon 11/42 тел: 0999262626, 0505262626, 0226262626
  • Дарыгер Абдуллаева Светлана Абдулхаковна тел: 0557882688
  • Дарыгер Бадинова Айжамал Эркинбаевна, Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультети, стоматология кафедрасы тел: 0771405040

Жалал-Абад шаары

  • Дарыгер Рузиева Райхон Кахрамановна тел: 0709601771 “Таза тиш” стоматологиялык клиникасы Барпы Сейил көчөсү

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.