1-июлдан Өзбекстан Кыргызстандан товар алып кирүүнү чектейт

Учурда  “Достук” чек ара бекетинен каттаган элдердин саны 18 миңге чейин жетүүдө.  Бул июлдан тартып коңшу өлкө тиричилик ташууга чектөө киргизет деген сөздөрдөн улам болуп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү билдиришти.

Өткөрмө бекет 7 миң адамды текшерип өткөрүүгө ылайыкташкан болсо,  буга чейин 2 эсе көп адамды тейлеп, 11-июндан тарта эки тарапта 15тен кабиналар толук иштей баштаган болчу. Учурда эки тарапка өткөндөрдүн саны 18 миң болуп жатат.

“ Бул июлдан коңшу өлкө бизден алып өтчүү айрым тиричилик техникаларга тыюуу салат экен деген сөздөн улам болуп атат. Ал эми өткөрмө бекет өз ишин мыкты аткарып жатат. Адамдардын кезек күтпөй өтүүсү үчүн шарттарды жаратуу максатында 15 күн мурун эле кошумча кабиналарды куруп, кеңейткенбиз. Эми июлдан баштап адамдардын агымына карап дагы иш аракеттерди жасайбыз”,- деди Мамлекеттик чек ара кызматынын  чек ара көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Нурланбек Чалбиев.

Белгилей кетсек, 2010-жылы Кыргызстандагы апрель, июнь окуяларынан кийин Ташкент аны бир тараптуу жаап салган болчу. Эки өлкөгө каттагандар чакыруу телеграммасы менен гана өтүп турушкан. 2017-жылдын сентябрында “Достук” өткөрүү пункту кайрадан  ачылган.

Ош менен Анжиян облустарынын ортосундагы “Достук” көзөмөл-өткөрмө бекетинде быйыл кыштан тартып жүк ташыгандар көбөйүп, ал кезек талаш менен коштолуп келген. Чек ара аркылуу Өзбекстандан  Кыргызстанга мөмө-жемиш көп кирет. Ал эми Кыргызстандын базарларынан коңшу өлкөгө тиричилик техникалары товарлар өтөт. Каттагандардын дээрлик 80 пайызы жүк ташыгандар түзөт.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген