1-6-класстардын окуучулары кайрадан аралыктан окууга өтүштү

1-6-класстардын окуучулары кайрадан дистанттык билим алууга өтүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, аталган класстын окуучулары кайрадан аралыктан окууга милдеттендирилди. Буйрукка Министрдин орун басары Надира Жусупбекова кол койду. Аралыктан окуу өлкөдөгү абал турукташканга чейин уланат.

Эске салсак, 6-октябрдан тарта 2-6-класстар салттуу түрдө, санитардык талаптарды аткаруу менен мектептерде окуй турган болушкан.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген