Кыргызстанда бир жылда эле эмдөөдөн баш тарткандардын саны 1,7 эсеге өстү. Бул ансыз да вакцина менен камтылышы 95%дын айланасында олку-солку болуп турган өлкө үчүн кооптуу.

Ош шаарында акыркы эки айда эле төрт бала көк жөтөл (коклюш) дартына кабылды. Ноокат районунда болсо бир учур катталган. Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын башчысынын орун басары Өмүрзак Мурзалиевдин айтымында, алардын баары эмдөөдөн өтпөгөн эки  жашка толо элек балдар.

“Ата-энелери өкүнүп, балдарын эмдеткени жатат. Вакцинанын канчалык маанилүү экендигин түшүнүү үчүн сөзсүз бала оору ооруп калышы керек беле?” – деп айласыз суроо салат Мурзалиев. 

Санитардык-эпидемиологиялык кызмат эми бул окуяларды мисал кылып, эмдөөдөн баш тарткан башка ата-энелерге түшүндүрүү иштерин улантат. Мындай чечим кабыл алгандар Ош облусунда 2017-жылы 1400дөн ашты. Вакцина албай койгондордун басымдуусу Араван, Ноокат райондорунда болсо, Алай менен Чоң-Алайда 10го да жетпейт. 84% учурда баланын эмделбей калышына ата-энесинин диний ишеними себеп.


Эмдөөдөн баш тартууга негизинен диний ишеним таасир эткен менен Ислам вакцинага каршы эмес.  Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев өзүнүн алты баласы тең эмделгенин айтып, вакцинадан баш тартууга медиктерде ич ара бирдиктүү позиция жоктугу көбүрөөк таасир этип жатканын белгилейт.

“Азыр баары интернетке кирет, ал жакта дарыгерлер, окумуштуу-профессорлор эмдөө зыян деп, далилдерин жазууда. Дарыгерлер бир пикирге келиши керек. Андыктан биз баланы эмдетүү эркин болушу шарт дейбиз. Вакцина алуу же албоо – ата-эненин укугу”, – дейт өлкө муфтийи.

Ош шаарындагы эмдөө учуру /ЮНИСЕФ

Ош шаарынын тургуну Искендер Субанкулов  балдарын эмдетүүгө каршы. Өзү эки жогорку билимдин ээси, динди да карманат. Бирок  мындай чечим кабыл алышына Кыргызстанда вакциналардын сапатын, кесепетин текшере турчу лабораториялардын жоктугу түрткү болгон.

“Дин, тескерисинче, балдарды эмдеткиле дейт. Бизде вакцинанын пайда же зыянын текшере алышпайт. Мисалы, жеке өзүм союз учурунда бардык эмдөөлөрдү алганмын. Ошого карабай эки жолу гепатитке кабылдым. Досум баласын эмдетип, бир буту жакшы өспөй калган. Бөлөмдүн баласы колуна эмдөө алып,  колу өспөй калган. Бул менин айланамда болгон мисалдар гана. Мындай учурлар көп”, – дейт Субанкулов.

Искандер Субанкулов, балдарын эмдетүүгө каршы 

Үч баланын атасы эмдөө жаатында медицина кызматкерлеринин чабал ишине  да нааразы. Биринчиден, төрөт үйүндө балдарын андан уруксат сурабай туруп эмдешкен. Экинчиден, ак халатчандар түшүндүрүүнүн ордуна коркутууга өтүп алышканын айтат.

“Вакцина албайбыз, бул биздин укук десең, балаңды бакчага, мектепке калбыл албайт, тастыктама кат бербейбиз деп коркутушат”, – деп нааразы Искандер.

Эмдөөдөн баш тартууда дин эмес, медицинанын өзүндө көйгөйлөр көп экенин  Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова моюндайт. Анын айтымында вакцинаны албай эле кой деп дарыгерлер өздөрү үгүттөгөн учурлар жок эмес.

Гүлбара Ишенапысова
Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы/Спутник

“Эң чоң көйгөй медиктерде болуп жатат. Биринчиден, дарыгерлер ата-энелерге туура, так маалымат берүүгө физикалык жактан жетишпейт.  Арасында эмдетпей эле кой деп тескери үгүттөгөн ак халатчандар кездешет. А баш тарткандарга болсо “алып койчу” деп 2-3 сөз айтып эле, адис катары ынандыра алышпайт жатат”, – дейт Ишенапысова.

Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелерди дарыгелердин ынандыра албай жатканынын жөнү бар.  Айыл жерлериндеги медиктердин 94%ы, шаарларда 76%ы   вакцинанын курамы, зарылдыгы, пайдасы тууралуу кошумча маалыматтарга муктаж. Мындай жагдай жакында эле ЮНИСЕФ жүргүзгөн изилдөөдө анык болду.

 

Анткен менен үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы дарыгерлер эмдөөдөн баш тарткандар менен колдон келишинче күрөшүп жатабыз дешет. Бул жаатта Аравандагы ак халатчандар үчүн салыштырмалуу оор. Биринчиден, облустагы эмделбей калган балдардын ар бир экинчиси Араванда. Экинчиден, баш тартууга 100% диний ишеним себеп.

“Мечит, медреселерге чейин барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Имамдар деле четте турбайт. Бирок баш тартууларды жое албай жатабыз. Өз алдымча изилдеп, ата-энелер менен жеке сүйлөшүп да көрдүм. “Сурап эмне кыласыз, тынч коюңуз” дешет. Өз ара сүйлөшүп алышабы, булардын диний көз карашы мага туңгуюк”, – дейт Араван райондук саэпидкөзөмөлдөө кызматынын дарыгери Чолпонбай Мурзуибраимов.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген